АКШ президентинин экинчи аты интернет колдонуучуларын таң калтырды
АКШнын жаңы президенти Джо Байдендин экинчи аты интернет колдонуучуларынын таң калуусун жаратты. Бул тууралуу Daily Mail гезитине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Джо Байден АКШнын вице-президенти болгонуна сегиз жыл болгонуна карабастан, көпчүлүк америкалыктар жаңы президенттин салттуу ант берүү салтанатына чейин, анын фамилиясын билишпейт экен.
Анын адаттан тыш ысымы твиттерде кеңири талкууга алынып, популярдуу болуп жатат. Кийин белгилүү болгондой, президенттин толук аты-жөнү Джозеф Робинетт Байден кичүү экен.
"Робинеттин атагы чыккан чоң күн болду. Көмүскөдө жашаган бардык Робинеттерге салам! Сиздердин убактыңыздар келди, Робинеттер менен тилектешбиз", - деп жазды журналист Эшли Фейнберг.
Айрымдар Жо Байден менен Барак Обаманы супер баатырларга - Бэтмен жана анын өнөктөшү Робинге салыштырып жатышат.
Байден өзү бул ысым француз тектүү жарандарга таандык экенин ырастайт. Бирок, чоң энесинин атынан алынган деп ишендирди. Анын аты Мэри Элизабет Робинетт болгон, ал Жозеф Гарри Байденге турмушка чыккан. Президенттин атасы алардын биринчи баласы Жозеф Робинетт Байден улуу болгон, анын ысымы азыркы президентке коюлган.
Айрым маалымат булактарынын маалыматына ылайык, Робинетт деген фамилияны азыркы учурда сейрек гана адамдардан учуратса болот. Ал эми, Байден фамилиясы андан да аз кездешет, бул фамилияны президенттин үй-бүлөсүн кошкондо 170ке жакын адамдан гана кездештирүүгө болот .
Эске салсак, 78 жаштагы демократ саясатчы Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды. Ал экинчи мөөнөткө президенттик кызматка ат салышкан республикачы Дональд Трампты ноябрь айында жеңип алган. Трамп Байдендин инаугурациясына катышуудан баш тартты.
Ссылка: https://barometr.kg/aksh-prezidentinin-ekinchi-aty-internet-koldonuuchularyn-ta-kaltyrdy
Добавить комментарий ×