АКШ полициясы дагы бир кара терилүү кишини атып салды. Толкундоолор үч күндөн бери уланууда (видео)

27 августа 2020 15:17 1114 Barometr
Поделиться в:
ok

23-августта полиция афроамерикалык Жейкоб Блейктин жонуна ок аткандан улам расизмге каршы нааразычылыктар күчөгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип “Барометр” которду.

Бүгүн, 27-августта АКШ президенти Дональд Трамп Кеноша шаарындагы үч суткадан бери уланып жаткан башаламандыкты басуу үчүн федералдык аскерлештирилген бөлүктөр жиберилиши мүмкүн экенин эскертти.

Эскерте кетсек, 23-август күнү кечинде үй-бүлөлүк чырдан улам полиция чакырылган. Уюлдук телефонго тартылган видеодон 29 жаштагы Жейкоб Блэйк унаасы көздөй басып баратканда, анын артында куралчан офицерлер жүргөнүн көрүүгө болот. Жейкоб Блэйк унаасынын эшигин ачып жатканда, полиция анын көйнөгүнөн тартат, кийин бир нече жолу ок жаңырат. Карап тургандар кыйкыра баштайт, Блейк жерге кулап баратканда, унаанын сигналы угулат. Айрым күбөлөр ошол маалда Блейктин үч уулу унаанын ичинде болгонун айтышкан. Полиция дароо медициналык жардам көргөзүп, кийин Жейкоб Блейк ооруканага түштү.

Окуяга катыштыгы бар полиция кызматкерлери жумуштан убактылуу четтетилип, тергөө жүрүүдө. Бул окуянын арты толкундоолорго алып келди. Көчөдөгү ок атуу жана кагылышуулардан эки киши каза таап, бир киши жаракат алган.

Үч ай мурун эле АКШда Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу чоң толкундоолор болгон эле. Бирок ошого карабастан мындай көрүнүш кайра кайталанганына нааразы болгондор көбөйдү.



Ссылка: https://barometr.kg/aksh-policiyasy-dagy-bir-kara-teril-kishini-atyp-saldy-tolkundoolor-ch-kndn-beri-ulanuuda-video



Добавить комментарий