АКШ менен Түндүк Кореянын журналисттери мушташып кетишти
Түндүк Кореянын журналисттери америкалык кабарчылар менен чатакташты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушуп жаткан маалда чатак чыгып Ак үйдүн басма сөз катчысы жарадар болду.
“Жаңы басма сөз катчысы Стефани Гришэм түндүк кореялыктар менен чатакташууга кабылды деп айтышты. Түндүк кореялык кабарчылар Трамп менен Кимдин жолугушуусун чагылдырууда эң мыкты позицияны ээлөөгө аракет кылышкан. Анын кесепетинен Гришэмдин денеси көгала болуп, тытылган”,-деп жазды CNNдин кабарчысы Джим Акоста Twitter булагына.
Белгилей кетсек, 30-июнда АКШ менен КЭДРдин башчылары Дональд Трамп менен Ким Чен Ын Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы аймакта жолугушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/aksh-menen-tndk-koreyanyn-zhurnalistteri-mushtashyp-ketishti
Добавить комментарий ×