АКШ менен Кытайдын ортосундагы бизнес алака биротоло токтошу мүмкүн

24 августа 2020 11:12 1431 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШ президенти Дональд Трамп Америка Кытай менен бизнес жаатында такыр иштешпей коюшу мүмкүндүгүн айтты. Бул тууралуу Известия басылмасынын маалыматына шилтеме берип «Барометр» которду.

 23-август күнү Дональд Трамп Fox News телеканалына интервью берип жатып билдирген.

Трамптан Fox News телеканалынын журналисти "Америка Кытай менен экономикалык алакасын токтотуп салууга барабы?" деп сураган.

"Бул абдан кызыктуу суроо. Себеби биз ушул кезге чейин Кытайдан эч нерсе алган жокпуз. Акчабызды жоготконубуз эле болбосо. Алар биз менен туура эмес сүйлөшүп жатат. Мен бул тууралуу ойлонуп көрөм", — деген АКШ лидери.

Эскерте кетсек, соңку учурда АКШ бийлиги, анын ичинде президент баш болуп Кытайды коронавирусту чыгарган, өз убагында чара көрбөй жайылтып жиберген, фактыларды жашырган деп байма-бай күнөөлөп келет. Ал эми Кытай башынан бери маалыматтар ачык-айкын болгонун айтып келет.

Ошондой эле Трамп Кытайга таандык WeChat, TikTok өңдүү сервистери улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп өлкөсүндө иштетпөөгө аракет кылып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-menen-kytajdyn-ortosundagy-biznes-alaka-birotolo-toktoshu-mmkn



Добавить комментарий