Акрам Мадумаров шайлоо боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү (Сүрөт)

4 сентября 2020 10:33 1492 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоо боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Мадумаров шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. 

Вице-премьер-министр белгилегендей, бир нече күн мурда коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болду, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралды.

«Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», - деди Акрам Мадумаров.

Ал дагы бир маанилүү жагдайды белгиледи, тагыраак айтканда,  2020-жылдын 15-сентябрына чейин КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча  план иштеп чыгып, бекитүү керектигин айтып, шайлоо күнү кыргызстанда эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын кошумчалады

Ссылка: https://barometr.kg/akram-madumarov-shajloo-boyuncha-respublikalyk-shtabdyn-kezektegi-zhyjynyn-tkrd-srt



Добавить комментарий