Баатырбек Акматов Ысык-Көлдө деңиз деңгээлинен 2 050 метр бийиктикте кара буудай өстүрүүдө (Видео)

30 июля 2020 17:41 2273 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө асыл тукум малдарды баккан Баатырбек Акматов бийик тоолуу өрөөндөрдө кара буудай жакшы өсөт дейт. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Сай айылында меринос койунун жана ак топозунун өстүрүүчүсү Баатырбек Акматов деңиз деңгээлинен 2050 метр бийиктикте кара буудай  өстүрө баштады.

 Анын өсүүсү кадимки буудайдан ылдамыраак. Быйыл да ал талаасына кара буудайды айдап көрүп, түшүмүн байкап, салыштырууда.

“Мен турган жер деңиз деңгээлинен 2050 метр бийиктикте жайгашкан. Экинчи ирээт айдап жатам кара буудайды (рожь). Өсүүсү бат болгондуктан, отоого алдырбай бат көтөрүлөт. Мен бул буудайды тоют катары пайдаланып жатам, бирок андан кара ун чыгарып колдонсо да болот. Өзгөчө бийик тоолуу өрөөндөрдө жакшы бышат экен. Кадимки буудай менен кара буудай бир күндө бир эле жерге себилген, бирок алардын өсүүсүндө айырмасы алда канча билинип турат”, - деди дыйкан.

Ошондой эле, ал кара буудайды малга тоют катары берсе, арпага караганда тоюмдуу келээрин кошумчалады.


Ссылка: https://barometr.kg/akmatov-bijik-tooluu-rndrd-kara-buudaj-zhakshy-st-dejt



Добавить комментарий