Аккаунттарды өчүрүүдөгү чуудан кийин WhatsApp билдирүү жасады
WhatsApp мессенджеринин командасы жакында эле жаңы купуялык саясатына байланыштуу чоң жаңжалга кабылган. Эми алар сөздөрүн жана коркутууларын артка кайтарды. Бул тууралуу WhatsApp мессенджерине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Колдонуучулар буга чейин WhatsAppты 15-майга чейин колдонууну кааласаңыз, анда жаңы эрежелерди кабыл алышыңыз керек деген эскертүү алышкан. Андан кийин WhatsApp жамааты позициясын жумшартты. Шартка макул болбогон колдонуучулардын аккаунттары өчүрүлбөй тургандыгын билдирди. Бирок өзгөртүүлөр кабыл алынганга чейин WhatsApp аккаунтунун иштеши чектелээрин айтты.
"Колдонуучулардын көпчүлүгү жаңы шарттарын кабыл алган. Ал эми кээ бирөөлөрдүн мүмкүнчүлүгү боло электигин билебиз. 15-майда бул жаңыланууга байланыштуу бир дагы каттоо эсеби өчүрүлбөйт. Ошондой эле, алардын бири дагы жок WhatsApp иштешин жоготпойт. Элдерге кийинки бир нече жумада эскертип турабыз", - деп билдиришти WhatsAppтын командасы.
“WhatsApp командасы колдонуучулардын аккаунттарын өчүрүү планы жок экендигин жарыялады. Ошондой эле, мындан ары эсептерди убактылуу өчүрүү планда жок. Тескерисинче, жаңы эрежелерге макул боло элек колдонуучуларга макул болууну эскертип турушат”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/akkaunttardy-chrdg-chuudan-kijin-whatsapp-bildir-zhasady
Добавить комментарий ×