Акциячылар: "Раим камалсын", "Уурулар түрмөгө!". Бийликке сары айып кагазы көрсөтүлдү

25 ноября 2019 12:16 5448 1 Barometr
Поделиться в:
ok



Ушул тапта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция жарандык акциясы» уланып жатат. Акциячылар «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшууда. Алар колдоруна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөттөрүн жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Алар бул талаптар аткарылышын эскертип, футболдун эрежесиндегидей бийликке сары айып кагазын көрсөтүштү. Жалпысынан 200дөй киши катышканы болжолдонууда.

Акциянын катышуучулары анын башталышында Кыргызстандын гимнин аткарышып, 2010-жылы апрель окуясында окко учкандардын аты-жөнү жазылган тактага гүлчамбар коюшту.

Эгер бул аракеттерге бийлик тарабынан реакция болбосо, нааразычылык акциясы уланарын митингчилер белгилешүүдө.

Акциянын уюштуруучулары атайын документке кол коюшуп, таштандыларды калтырбай, тынч тарап кетүү боюнча эскертүүлөрдү айтышты. 

Ссылка: https://barometr.kg/akciyachylar-raim-kamalsyn-uurular-trmg-bijlikke-sary-ajyp-kagazy-krstld



Добавить комментарий