Акчаны бул 8 нерседен үнөмдөгөнгө такыр болбойт!

28 июля 2021 14:19 5270 Barometr
Поделиться в:
ok

Жашоодогу маанилүү нерселерден акчаны үнөмдөгөнгө болбойт. Бүгүн Barometr.kg сизге кайсыларга акчаны үнөмдөөгө болбой турганы тууралуу психологдун айткандарын сунуш кылат.

1. Ден соолук 

Адам үчүн биринчи байлык-ден соолук. Мыкты ден соолук-узак өмүр менен бактылуу жашоого шарт түзөт. Убагында ден соолукту кароо, ооруну алдын алып ага каражат жумшоо, витаминдер, дене көнүгүүлөрү, дайыма дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп туруу үчүн жумшалган акча - бул эң пайдалуу коротулган акча болуп саналат.

2. Билим

Адам акчасын өзүнүн билим алуусуна жумшаганы бул чыныгы инвестиция деп айтылат. Ар бир адам чет тилин өздөштүрүүгө, квалификациясын жогорулатууга, билимин кеңейтүүгө акча жумшоосу кажет.

3. Башкаларды жалдап иштетүү

Өзүндө ашык акчасы болсо иштеп жаткан багытында башка адамды иштетип, эмгеги менен эс алуу убактысын туура пайдалана билген адам дагы акчаны эң мыкты колдонуп жаткан болуп эсептелет.

4. Кесипкөйлөрдүн кызматынан пайдалануу

Өзүңүз билбеген нерсени интернеттен үйрөнөм деп убакыт коротуп отурбай мүмкүнчүлүгүңүз жетсе кесипкөйлөрдү чакырткан жакшы. Ар бир кесипкөй өз кесибинин сизге айтылбаган жашыруун ыкмаларын билет жана экинчиден сиздин убактыңыз үнөмдөлөт.

5. Кымбат буюм  

Мүмкүн болушунча өндүрүшү көп жана бир канча фукцияларды аткара турган гаджеттерди жана башка буюмдарды сатып алыңыз. Аларга коротулган акча дагы ыксыз коротууга кирбейт.

6. Сапаттуу кийим

Кымбатка бааланган кийимдер адамдын көркүн гана ачпастан анын акчасын көп убакытка үнөмдөп берет.

7. Жаңы эмоциялар менен таасирлер 

Адамдын мээси жаңы нерселерден тез таасирленет жана ага жаккан нерсени көргөндө бакыттын гармондору бөлүнүп чыгат. Жаңы таасирлерди алуучу жакшы нерселерге акча аябаңыз.

8. Эс алуу

Жумуш адамдын көп ресурстарын: физикалык жана моралдык ресурстарын алат. Алар болсо өз кезегинде ден соолуктун бузулушуна жол ачат. Адам канчалык аз эс алса ошончолук ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/akchany-bul-8-nerseden-nmdgng-takyr-bolbojt



Добавить комментарий