Видео. Акча алмаштыруучу жайды белгисиз адамдар тоноп кетти

26 июня 2018 00:45 1448 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

23-июнда Аламүдүн районунун Ленин айылындагы “Сталбек” аттуу акча алмаштыруучу жайды белгисиз топ карактап кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, таңкы саат төрттөр чамасында кылмышкерлер кара түстөгү “БМВ Х-5” үлгүсүндөгү автоунаа менен акча алмаштыруучу жайдын тоскучун темир аркан менен жулуп, ичинде отургандарга  тапанчадан ок чыгарып, болгон акчаны тоноп кетишкен.

Жараат алган адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, карактап кеткендерге Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси ("Карактоо") боюнча иш козголду. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, карактоого шектүү топ изделип жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/akcha-almashtyruuchu-zhajdy-belgisiz-adamdar-tonop-ketti



Добавить комментарий