“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 120дай жүк унаасы топтолуп калды
Поделиться в:
Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.
“30-июлда саат 11:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек-унаа жолу» бекетинде унаалардн топтолуп калганы байкалууда. Чек ара көзөмөлүнөн өтүш үчүн 120дай жүк унаасы кезекте турат”,-деп айтылат маалыматта.
Унаалардын топтолуп калуусу мезгилүү мүнөздө болууда жана жүк унааларынын көбөйүшүнөн улам келип чыгууда. Чек арада жеңил автотранспорт менен жарандардын топтолушу катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-tilek-tkrm-beketinde-120daj-zhk-unaasy-toptolup-kaldy
Добавить комментарий ×