Ак-Талаанын администрациясына кирип келип, кызматкерлерди тапанча менен коркуткан жаран кармалды
2021-жылдын 12-январь күнү Баетов айылынын администрацияна мас абалында келип тынчтык бербей, тапанча менен коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Жогорудагы дарекке ыкчам тергөө тобу барган учурда Ак-Талаа районунун тургуну 1979-жылы туулган А.Э. экендиги аныкталып, жанында газопневматикалык тапанчаны эч кандай далилдөөчү документтери жок көтөрүп жүргөндүгү такталган.
Аталган факты Ак-Талаа РИИБү тарабынан КР Жазык Кодексинин 266-берене (ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө Чүй облусунун тургуну 1979-жылы туулган А.Э Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрацияна мас абалында барып, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациянын башчысы 1971-жылы туулган К.Снын иш бөлмөсүнө кирип барып, өзү менен бирге алып жүргөн белгисиз ок атуучу куралы менен тап берип, зомбулук колдономун деп коркутуп, түшүнүксүз сөздөр менен нааразы ирээтинде ар кандай сөздөрдү айтып колундагы ок атуучу куралын К. С такап, бийлик өкүлүнө жүрүм-турум ченемдерин атайылап одоно бузганы аныкталган.
2021-жылдын 14-январь күнү Ак-Талаа райондук тергөө соту бөгөт коюу чарасын камакка алуу түрүн тандап алуу өтүнүчү киргизилип 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.
Азыркы учурда тийиштүү соттук-экпертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Добавить комментарий ×