Каракол-Эңилчек унаа жолун сел каптады

9 сентября 2020 09:54 950 Barometr
Поделиться в:
ok

Ак-Сууда катуу жааган жамгырдан кийин, сел унаа жолун каптап убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 8-сентябрда саат 13:00 чамасында Ак-Суу районунда 3 күн катары менен жааган жамгырдын кесепетинен, Оттук суусунун деңгээли көтөрүлүп, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 94-чакырымында жолдун жарымын жеп кеткен. Ошол себептен унаа жолдун 38 жана 112-чакырымдарында посттор коюлуп, убактылуу чектөө киргизилген. Учурда суунун деңгээли азайган.

Бүгүн, 9-сентябрда райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүшөт, ал эми унаа жолду калыбына келтирүү үчүн №11 ЖТИден техника тартуу каралууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-suuda-karakol-eilchek-unaa-zholun-sel-kaptady



Добавить комментарий