Ак суу районунда өз жанын кыйды деген өспүрүм боюнча иликтөө башталды

24 января 2019 15:30 1301 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда 15 жаштагы окуучу муунуп каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен Barometr.kg сайтына Сталбек Усубакунов маалымдады. 

Маалыматка ылайык, өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн эмес, анткени баланын ата-энеси арыз менен кайрылган эмес. Мындан улам факт бүгүн 24-январда бирдиктүү реестрге катталды. Окуя тууралуу териштирүү иштери эми башталды деди басма сөз кызматынан. 

Белгилей кетсек, бүгүн ММКларда жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери акча талап кылгандыктан, окуучу өз жанын кыйды деген маалымат тараган. 


Ссылка: https://barometr.kg/ak-suu-rajonunda-z-zhanyn-kyjdy-degen-sprm-boyuncha-ilikt-bashtaldy



Добавить комментарий