Акшумкарлар Кыргызстанга келди! Мекендештер шаан-шөкөт менен тосуп алышты
Бүгүн түнкү Азия кубогу-2019 оюунунун катышуучулары, футбол курама командасы Кыргызстанга кайтып келди.
Ак шумкарларды салтанаттуу тосуп алуу үчүн чогулгандардын саны абдан көп болду. Футболчуларыбызды ураан чакырып, көпчүлүк колдоп коштоп тосуп алды.
Тосуп алуу үчүн барган күбөлөрдүн бири Barometr.kg сайтына:
"Биз бүгүн түнү менен уктабай досторубуз менен чогулуп Ак шумкарларды тосуп алалы деп келдик. Азыр аябай толкунданып турган чагыбыз. Бул жердегилердин баары атайын даярдык менен келгендей. Өзүнчө эле майрамдык маанай болуп жатат. Буюрса Кыргызстандын келечеги алдында экенине ишенебиз" -деп маалымат берди.
Ага кошумча күбө биз Ак шумкарларды жеңиш менен келе жаткандай күтүп жатабыз деп кошумчалады.
Маалым болгондой Кыргызстан курама командасы Азия кубогу-2019 оюндарында чечүүчү БАЭнин курама командасы менен болгон беттеште атаандаштардын эсебине 3:2 эсеби менен утулуп калган. Бирок ага карабай Кыргызстандыктар оюндагы калысты катуу сынга алашып, "татыксыз жеңишке жеткенден татыктуу утулган артык" деген өңдүү пикирлерин билдиришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-shumkarlar-kyrgyzstanga-keldi-mekendeshter-shaan-shkt-menen-tosup-alyshty
Добавить комментарий ×