Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын тургундары Баткен шаарына жеткирилди
Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилди.Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Жергиликтүү жашоочулар №57кесиптик лицейине жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылган.
Алардын коопсуздугу Баткен ШИИБ кызматкерлери тарабынан камсыз кылынууда.
“Ошондой эле аталган айылдардын жашоочуларын Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган алардын туугандары өз үйлөрүнө алып кетишүүдө.Жергиликтүү бийлик күч органдары менен биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүүдө”,-деп кабарлашты өкмөттөн.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-saj-zhana-kk-tash-ajyldarynyn-turgundary-batken-shaaryna-zhetkirildi
Добавить комментарий ×