Бишкекте Ак үйдүн алдына жүзгө жакын ишкер митингге чыгышты

1 сентября 2020 14:12 1816 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 1-сентябрда Ак үйдүн алдына Бишкектеги "Караван" соода түйүнүндө иштеген жүзгө жакын арендаторлор топтолду. Алар аталган соода борбордун сатылышына каршы болуп митингге чыгышты. Бул тууралуу акциянын катышуучулары соц тармакка билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, нааразычылык билдиргендер электрондук сатык боюнча мыйзам кабыл алынса, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду онлайн-аукцион аркылуу бутиктерди сатыкка коёт. Ишкерлер бул өз кезегинде ижара акысын кымбаттатат деп тынчсызданышууда.

Ошону менен катары эле, ишкерлерден соода борбордогу орундарын бошотуп, чыгып кетүү талабы болуп жатканын, бирок алар буга макул эместигин айтышат. Митингге келгендер "Биз иштейбиз" деп чогуу кыйкырышып, соода борборунан соодагерлерди чыгаруу аракеттери токтотулсун деген мүдөөлөрүн айтышууда.

Ишкерлер президент Сооронбай Жээнбековго кайруу жасап, көйгөйлөрүнүн адилеттүү чечилишине жардам беришин өтүнүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-jdn-aldyna-zhzg-zhakyn-ishker-mitingge-chygyshty



Добавить комментарий