Ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн жаран табылды

12 октября 2018 15:30 4144 Barometr
Поделиться в:
ok

Ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн  жаран табылды. Бул тууралуу  айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин  маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  изделип жаткан жаран  Ош шаарынын тургуну Алымбек Абдыкалыков экени аныкталды. Ал  2014-жылы Москвадан келе жатып Алматыда жашаган досуна кезиккенин, анын үйүнөн ак илбирстин терисин көрүп калып сүрөткө түшүп калганын айтты.

Ошондой эле мекенге кайтып келген соң сүрөттү социалдык тармакка жүктөп койгондугун кошумчалады. Агенттиктин кызматкерлерине бул кылган иши үчүн өкүнүп жаткандыгын айтып, башка мындай нерсе кайталанбастыгын айтып убададалады.

Белгилей кетсек,  айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги жана ички иштер министрлиги бул жаранга издөө салган. Ага карата жаратылышты коргоо мыйзамын бузган аракети үчүн Кылмыш-жаза кодексинин негизинде чара каралаары айтылган.

Өкмөттүн токтому боюнча ак илбирсти мыйзамсыз аткандыгы үчүн 1 млн 500 миң сом айып салынат. 

Дүйнөнүн 12 мамлекети биригип илбирс жаныбарын коргоо тууралуу атайын  декларацияда  2003 – жылы кабыл алган. Учурда аталган жаныбарлардын акыркы эсептеги саны 200гө жетип – жетпейт.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-ilbirstin-terisin-zhamynyp-srtk-tshkn-zharan-tabyldy



Добавить комментарий