Айжан Байзакова же Ольга Бузова? Байзакова ыр жаздырып кызуу талкуу жаратты

6 мая 2019 17:01 3814 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Аты чуулуу блогер Айжан Байзакова өзүнө ыр жаздырды. Бул тууралуу ал өзүнүн интернет баракчасынан бөлүшуп көпчүлүккө сүйүнчүлөдү.




Байзакова буга чейин өзүнүн ашыкча ачык кийингени жана кыздарга тиешелүү болбогон адаттарды алып жүргөндүгү, ичип чеккендиги үчүн таанымал болгон. Ал инстаграм блогер болгонго чейин өзүн актриса катары сынап көрүп сериалга жана кино фильмдерге тартылган.

Айжан Байзакованын инстаграмда да, жашоодо да жүздөгөн күйөрмандары жана ошол эле учурда андан кем калбаган жаман көргөн хейтерлери бар. Өткөн жылы ал көпчүлүктүн оозун ачырып качан жана кимге турмушка чыкканын айтпай туруп кой бойлуу экендигин сүйүнчүлөп чыккан. Бирок кош бойлуулуктан кийин берген маектеринин биринде сүйгөн адамы бар экенин жана ал адамды эч качан эл алдына алып чыкпаарын айткан. Бирок ага карабай көпчүлүк ар турдүү божомолдорду кылган.

Айрымдар Байзакова балалуу болгондон кийин токтолуп калды деп айтып чыгышкан эле, анткен менен Айжан эми ырдап чыгаарын билдирип чыныгы чуу жаратты. Ал “Он её” (Ал аны) аттуу орус тилиндеги ырдын узүндүсү менен бөлүшкөн.

Көпчүлүк Байзакованы Россиянын инста жылдызы, теле дивасы, ырчысы Ольга Бузова менен салыштырууга өтүштү.

Талкуулагандардын басымдуу бөлүгү “Байзакова Бузованы басып кетет” “Байзакова Бузовадан мыкты” деген пикирлерин билдиришүудө.

Ссылка: https://barometr.kg/ajzhan-bajzakova-zhe-olga-buzova-bajzakova-yr-zhazdyryp-kyzuu-talkuu-zharatty



Добавить комментарий