Айжан Байзакова экинчи ирет кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү

29 апреля 2019 11:44 3373 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Казакстандык аты чуулуу блогер кыз Айжан Байзакова интернет баракчасына баласы менен түшкөн видеосун жүктөп калкты дагы бир жолу чууга салды. Ал видеодо блогердин курсагы дагы томпоюп калганын көрүүгө болот.

Байзакова видеого кошумча кылып:

“Жакында карындашыбыз болот”, -деп жазып койду.

Маалым болгондой Байзакова 2018-жылдын 1-декабрында көз жарып уулдуу болгон. Анын кош бойлуу экендигине көпчүлүк акыркы күндөргө чейин ишенбей жүрүшкөн эле, эми минтип кайрадан интернетте талкуу жаралды.

Айжандын катталуучулары 2 тарапка бөлүнүп алып бир тобу чындап эле кош бойлууго дешсе, башкалары ал хайп кылып жатат деген пикирди карманышууда.

Белгилей кетсек Айжан Байзакова өзүнүн ачык кийингени, жүрүм-туруму менен айырмаланып көпчүлүккө белгилүү болгон. Айжандын блокторун Казакстанда гана эмес Кыргызстанда, Россияда да көрүшөт жана окушат.

Ссылка: https://barometr.kg/ajzhan-bajzakova-ekinchi-iret-kosh-bojluu-ekenin-sjnchld



Добавить комментарий