Айжан Байзакова "балаң эмчек эмеби, ал эмне ичет?" дегендерге жооп берди

13 февраля 2019 11:08 3019 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Аты чуулуу казак блогери Айжан Байзакова өзүнүн инстаграм баракчасына ачык жүргөн, алкоголдук ичимдиктерди ичкен сүрөт видеолорду бөлүшкөнү анын көпчүлүк катталуучуларын түйшөлтуп келет. Буга чейин анын жашоо стилине ыраазы болбогон эл эми анын жаңы төрөлгөн наристесине кам санай баштады. Бирок алардын баарына жооп кылып Айжан пост жазып чыкты. Ал өз постуна:

"Мени балаңды карабайсыңбы дегендерге айтаарым, балам дайыма мени менен, ал эне сүтү менен тамактанат. Мен кичинекей төрөлгөндөн кийин түнү 3 эле саат уктап калдым, ошондуктан убактым баарына кенен жетет. Мен үчүн сарсанаа болбой эле койгула", -деген мазмундагы пост жазып чыкты.

Бул постко кайрадан эле көпчүлүк терс маанидеги пикирлерди жаадырса айрымдар Айжандын баарына жетишип жатканына таң калгандарын билдирип жакшы пикирлерин жазып калтырышты.

Ссылка: https://barometr.kg/ajzhan-bajzakova-balady-emchek-emebi-al-emne-ichet-degenderge-zhoop-berdi



Добавить комментарий