Айзада Жамгырчиева: "Көзүмдүн карегин чоңойтуп текшерүү үчүн дары куюшту"

31 мая 2019 15:26 5254 1 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Алып баруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева учурда Ош облусунда конок болуп жүргөн чагы. Ал ошол жактагы жактагы жаңылыктары менен соцтармактагы баракчасы аркылуу бөлүшүүдө.

Жамгырчиева өз сапарында көзүн текшерткенин жана жаңы чыккан технологиялар менен 2 күндүн ичинде дарыланганын билдирди.

“Бул сүрөттө менин көзүм көрбөй турган учур. Ошондо да, өлүп-талып сүрөткө түшкөн кербезим! Кече Ошто клиникадан көзүбүздү көз дарыгерине көрсөтүп жатып көрүүм начарлап кеткенин айтышты... Анан, мени дарылоо максатында көзүмдүн "зрачок"гун чоңойтуп текшерүү үчүн дары куюшту...(убактылуу)
Ал дарыдан 2 күн көзүң көрүү мүмкүнчүлүгүнөн "50" пайыздай убактылуу ажырайт экен. Ошондо балээнин баары башталды, кайсалап же телефонду көрө албайсың, смске жооп бере албайсың,  алдыңдагы тамакты байкабасың, алысты көрүп жакынды тааныбайсың...
Мен ошондо түшүндүм, көздүн баркын, сыйкырын, баалуулугун!
Азыр баары сонун!”, -деп, Айзада Ошто болгон окуясы менен бөлүштү.

Сүрөттө Айзада Сулайман тоодо көздөрүн араң ачып турганын көрүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/ajzada-zhamgyrchieva-kzmdn-zrachokgun-choojtup-teksher-chn-dary-kuyushtu-krm-kajra-50-pajyzdaj-azhyrady



Добавить комментарий