Айзада Жамгырчиева кыялын ишке ашырып ырдап чыкты: "Кандай пикир болсо да туура кабыл алам"
Журналист Айзада Жамгырчиева коомчулукка өзүнүн ар тараптуулугу, жайдары мүнөзү менен таанылган. Эми ал журналисттик кесипти ырчылык менен айкалыштырууга өттү. Бул тууралуу ал өзүнүн жеке баракчасынан жаңы тартылган клибинен үзүндү жүктөө менен кабарлады.
Айзада өз постунда:
"Мен үчүн ырдоо чечимин кабыл алуу кыйын болду. Эл эмне дейт? Ушул эле жетишпей жатат эле! деген сөздөрдү алдын ала ойлондум. Бирок, бир жашайт экенбиз! Кыялдарыбыз кыял боюнча калбаш үчүн ушул чечимге келдим", -деп баяндама жазып кайдай пикир болсо да туура кабыл алаарын кошумчалады.
Жамгырчиева "Таалай элеси" тобунун солисти Тотомидин Жолдошовдун "Жүрөк сыры" чыгармасын жаңыртып ырдап чыкты.
Көпчүлүк интернет колдонуучулары Айзадага чыгармачылык ийгилик каалашса, сын айткандар да четтен чыгууда.
Добавить комментарий ×