Айыпталуучу Марс Бөдөшовдун жактоочусу актоону суранды, ал эми жабырлануучу тарап өмүр бою эркинен ажыратылсын дешти
Бүгүн Бишкекте Бурулай Турдалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланууда.
Анда айыптоочулар шектүүлөрдүн күнөөсү толук далилденгенин билдирип, Марс Бөдөшевге ала качуу жана киши өлтүрүү беренелери боюнча 23 жыл күчөтүлгөн абалда жаза өтөөсүн соттон суранышты.
Ал эми досу Акмат Сейитовго ала качуу жана кылмышка көмөк көрсөткөндүгү боюнча жети жылга эркинен ажыратуу каралды.
Бурулайдын өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткан Марс Бөдөшовдун жактоочусу жарыш сөз сүйлөп, бул иш боюнча толук экспертизалар, иликтөөлөр жүрбөй жаткандыгын билдирди.
"Бурулайдын өлүмүндө Жайыл РИИБинин бир канча кызматкери суралды. Бирок алардын бири да Марс Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө киргенин көргөн эмес. Алар "бирөө" отурган деп жатышат. Балким биз Марс бөдөшовду жөн эле күнөөлөп жатабыз. Буга чейин биз бир канча жолу бул кылмыш ишти тергеген эки тергөөчүнү чакырууну өтүнүп келдик. Бирок канааттандырылган жок", - деди ал.
Жактоочу кылмыштын курамы толук аныктала элек, ошондуктан айыпталуучуну актап бериңиздер деп суранды. Ал эми жабырлануучу тарап, айыпталуучуну кызды мыкаачылык менен өлтүрүп, анысы аз келгенсип күнөөнү моюнуна албай жаткандыктан өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты.
Эске салсак, Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.
Соттук отурум эртең 11-декабрда улантылат.
Добавить комментарий ×