Айып пулдар тез жардам кызматына жумшалат

16 апрель 2019 10:23 1299 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасы «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында түшүп жаткан айыппулдардын эсебинен жакшыртылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн  билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечим өкмөттүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө» жыйынынын соңунда кабыл алынган.

"Финансы министрлигине,Саламаттык сактоо министрлиги, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы аппараттык-программалык комплекстерди пайдалануу аркылуу белгиленген Жол кыймылы эрежесин бузуулар үчүн алынган айыппулдун суммасынан медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын камсыздоо үчүн финансы каражаттарын бөлүү маселесин карап чыгуусу тапшырылган",-деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү мамлекеттик органдар эки жумалык мөөнөттө аталган маселе боюнча өз сунуштарын өкмөттүн Аппаратына киргизүүсү зарыл.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajyp-puldar-tez-zhardam-kyzmatyna-zhumshalat



Добавить комментарий