Айымдардын кумар алуусу саатка көз карандыбы?

16 августа 2019 11:50 19579 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Окумуштуулар жакында эле айымдардын бир күн ичиндеги маанайы кандай болуп өзгөрүп турарын изилдешип, кызыктуу жыйынтыкка келишкен. Көрсө, аялзатынын 90 пайызында биологиялык ички саат болот экен...

Айымдарда мындай ички сааттын болушунун себеби бар. Ал - организмдеги гормондордун биоритмди ар кайсы саатта ар кандай башкаруусу. Тактап айтканда, пайда болгон сексуалдык каалоону же басаңдатып өчүрөт, же күчөтөт. Алтургай бул башкаруу кандайдыр бир деңгээлде баш мээге да таасир берип жаткандай сезилет. Бул гормондордун негизгилери - жыныстык гормондор.

"Негизи, сексти эңсөө адамда бир суткада 4 жолу кайталанат,- дейт орус хронобиологу, врач Лев Ильичев,- Бул керек болсо мындан бир канча жыл мурун канадалык окумуштуу Джим Пфаус тарабынан да аныкталган". Муну илимий изилдөөнүн жетекчиси Эви Бентли да тастыктап өтөт.

Анын айтымына караганда, эркектерде эртең мененки төшөк кумарын каалоо, дүүлүгүү саат 8.00дөн 10.00гө чейин күчтүү болот. Ал эми айымдардын таңкы "ойгонуусу" кечирээк башталат: 9.00дөн 11.00гө чейин. Кийинки сексуалдык эңсөө мырзаларда күндүз 14.00дөн 16.00гө, кечинде 20.00дөн 22.00гө, түндөн оогон соң 2.00дөн 4.00гө чейин, айымдарда күндүз 15.00дөн 17.00гө, кечинде 21.00дөн 23.00гө, түндөн оогон соң 3.00дөн 5.00гө чейин пайда болот. Бул боюнча Лев Ильичев мындай дейт: "Эртең мененкиге караганда күндүзгү жана кечки убакыттарда айым эркекти төшөккө тарткысы келсе утушка ээ болору далилденген. Айрыкча жылдыздуу, сулуу айымдар. Ошондой эле аталган сааттарда гана ойдогудай оргазмга жетүүгө толук мүмкүн. Анткени, бул cааттар жыныстык гормондор организмде демейдегиден да көбүрөөк иштелип чыккан учурлар болуп эсептелет".

Саат 12.00дөн 14.00гө жана 18.00дөн 20.00гө чейин эркектин ой жүгүртүүсү, акыл менен иштөөсү күч алат. Ошондуктан, айым үчүн бул убакыттар мырзасы менен ар кандай финансылык, материалдык проблемаларды чечүүгө өтө ыңгайлуу.

Биологиялык ички сааттагы убактыңызды өзгөрткүңүз келсе...

Балким, урматтуу айым, "ички сааттагы убактыларымды өзгөртүп алсам болобу?" деген суроого такалып жаткандырсыз. Албетте, болот. Мисалы, таңкы 9.00дөн 11.00гө чейинки убакытты 8.00дөн 10.00гө чейин алмаштыруу үчүн аракет жана чыдамдуулук керек. Анткени, адамдын организми буга дароо эле көнө койбойт. Бул андагы жыныстык гормондордун белгилүү бир убакыттарда гана көбүрөөк иштелип чыгып көнүп калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Андыктан, биологиялык сааттын "жебелери" башка убакытка "жылдырылгандан" кийинки алгачкы эки-үч апта ичинде өзгөрүү болушу мүмкүн эмес. Андан кийин гана акырындык менен "жебенин" башка убакытка "жыла баштоосу" күтүлөт.

Сизге кеңеш...

Жогоруда айтылгандарды бекем эреже катары кабыл алуунун кереги жок. Кантсе да адамдын организми механизм эмес.

Мисалы, саат 14-00 дөн 16.00гө чейин жумушта болуп калышыңыз ыктымал эмеспи. Демек, төшөктө кошулууну кааласаңыз да, бул сиз үчүн ыңгайсыз маал. Мындайда иштеги жана үйдөгү убактыларыңызга жараша бир суткадагы жеке биологиялык ички саатыңызды түзүп алганыңыз туура.

Алгач өзүңүзгө байкоо жүргүзүңүз. Саат канчаларда төшөк кумарын көбүрөөк каалайсыз, аныктап алыңыз. Ушундай эле байкоону күйөөңүзгө да сөзсүз колдонуңуз.

Эгерде сиздеги сексти каалаган убакыттар күйөөңүздүкүнө дал келбей койсо, бул үчүн конфликтке барбаңыз. Жолдошуңузга моюн сунуп, анын убактысына көнүүгө аракеттениңиз. Ортодогу жылуу мамилени сактоо үчүн бул өтө зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/ajymdardyn-kumar-aluusu-saatka-kz-karandyby



Добавить комментарий