Айымдардын гигиеналык каражаттары өтө коркунучтуу ооруларды пайда кылат

23 сентября 2019 09:44 2112 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнө жүзүндө аялдардын 63 пайызы гинекологиялык оорулардан жабыр тартып келет. Статистикалык маалыматка караганда, ал оорулардын пайда болуусунун бирден-бир себеби болуп гигиеналык каражаттарды туура эмес тандоо эсептелет.

1. Колдонгондон 15 мүнөттөн кийин анын үстүндө организмге зыяндуу бактериялар пайда боло баштайт. Аялдардын жатын эрозиясы, дисплазия, тукумсуздук, айыз циркуляциясынын бузулушунун бирден-бир себеби айыз жалаягы жана тампон экенин адистер баса белгилешет. Себеби аял айыз жалаягын убагында алмаштырбаган учурда ага толгон инфекциялар сыртка чыкпастан, аялдын жатынынын ичине кирип шишик сыяктуу жаңы ооруларды пайда кылат.

2. Тампонду киргизип жатканда ал жыныс органын жараат кылып алышы толук мүмкүн. Мындан тышкары ал канды гана эмес, анын жанындагы суюктукту чыгарып туруучу секреция элементтерин кошо соруп алат. Жыйынтыгында организмди уулоочу токсиндерди бөлүп чыгарган алтын сымал өңдүү стрептококкту пайда кылат. Адистер ар бир тампон ачык тургандыктан ал стерилденген таптаза каражаттардын катарына кирбейт деп эсептешет. Андыктан анда организмге зыян алып келүүчү микробдор толтура болушу толук мүмкүн.

3. Айыз учурунда жатын моюнчасынан кан суюктугунан тышкары эт сыяктуу уюган кан түшүп турушу керек. Ал үчүн айыз каны келчү трубанын ички жолу тазаланып, кан суюктугу толук таза чыгышы үчүн жол ачылып туруусу зарыл. А сиз аны ар дайым тампон менен тосуп жүрө берсеңиз, ал кандар түшпөй калат да, организмдин өзүн-өзү коргоо механизми бузулат.

4. Эгер колдонгон каражатыңыз аба өткөрбөй турган болсо, анда суюктук толгон жалаякта нымдуулук сакталып, жыйынтыгында бактериялар көбөйүп тери ымыркайлардыкындай болуп кызарып аллергия боло баштайт. Аны убагында токтотпой колдоно берсеңиз, жыйынтыгында цистит жана молочница оорусуна кабыласыз.

Эскертүү: жыттуу айыз гигиеналык жалаяктары (прокладка) менен тампондордун түрлөрүндө химиялык заттар болгондуктан аны дайыма колдонуудан баш тартыңыз. Себеби сапатсыз каражаттарды чыгаргандар начар сапатын билгизбөө үчүн аны жыттуу кылышат.

Ссылка: https://barometr.kg/ajymdardyn-gigienalyk-karazhattary-t-korkunuchtuu-oorulardy-pajda-kylat



Добавить комментарий