Табышмактуу жана өзгөчө айым болууга аракет жасаңыз!

20 июня 2019 13:05 6426 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар бир айым өзүн жолдошуна жагымдуу, сымбаттуу, келишимдүү көрсөтө билүүнү үйрөнүп алуусу маанилүү. Ал эми мындай сапаттарды үйрөтүүдө бактылуу айымдар карманган алтын эрежелер жардам берет.

1. Өзүңүзгө кам көрүп, сүйдүрүңүз

Эртең менен жолдошуңуздан 1-1,5 саатка эрте ойгонуңуз. Душка түшүп, келбетиңизге кам көрүп, жарашыктуу үй кийимин кийип, эртең мененки тамакты даярдаңыз. Андан кийин жолдошуңуздун жүзүнөн сүйүп, жагымдуу сөздөрдүайтып ойготуңуз.

2. Өзүңүздү баалай билиңиз

Мырзалар табиятынан аңчылык мүнөзгө ээ болушат эмеспи. Андыктан ар дайым табышмактуу жана өзгөчө болууга аракет жасаңыз. Күнүмдүк тамак- ашын жасап берип, кийим- кечесин үтүктөп белендеген сырткары дагы көптөгөн амалкөйчүлүктөр бар. Аларды өз орду менен колдоно билиңиз:

- Ар дайым таза жана тыкан кийинип жүрүңүз. Айрыкча ашканада кийимиңизди майланыштырып булгап албай, атайын ашкана фартугун кийип алыңыз.

- Жылмайып жүрүңүз. Жакшылыктын баары жылмаюудан башталат эмеспи.

- Кызганычты сыртыңыздан билдирбеңиз. Күчтүү жана айым эч кимге алмаштырылгыс болот. Андыктан өзүңүздү ушундай сапатар менен камсыз кыла билиңиз.

- Жеңил- желпи ооруларыңыз тууралуу жана курбуларыңыз жөнүндө эч качан талкуу жүргүзбөңүз.

- Үй бүлөгө тиешеси жок жагымсыз окуялар тууралуу да айтуунун кажети жок.

- Үйдөгү оор иштерди эч качан моюнуңузга албаңыз, жолдошуңуз жардам берсин.

- Талкуулай турган маселелердин эң эле олуттуусун айтыңыз

-Өзүңүздү ар дайым бийик алып жүрүүгө кам көрүңүз, бирок, жолдошуңуз үчүн чегинде болсун.

3. Чыныгы айым болуу

Түтүн булатып жашаган коломтоңузду колдон келишинче, таза, тыкан жана ыңгайуулук менен камсыз кылыңыз. Ысыкта салкын, суукта жылуу болсун. Үй эмеректери сөзсүр түрдө кымбар баалуу болушу шарт эмес. Эң керектүү буюмдар менен гана бөлмөлөрдү жасалгалаңыз. Жылуу, ыңгайлуу жайда гана жолдошуңуз өзүн жакшы сезет.

4. Терс сапаттарга ээ болууга өзүңүзгө жол бербеңиз

-  Жолдошуңуз менен конокко барган учурда жаагыңыз- жаагыңызга тийбей көп сүйлөбөңүз- аялзаттык назктикти жоготуп аласыз

- Майлуу, куурулган тамак- аш, ичимдик ичпеңиз- ден- соолукту, сулуулукту бузуп аласыз

- Чыр- чатактан алыс болуңуз- назиктигиңизди жоготуп аласыз

5. Ар дайым сымбаттуу болуу

- Алгач, ойлоруңузду терс таасир этүүчү жагдайлардан тазалап алыңыз. Маселен, таарыныч, жек көрүү, кек сактоо деген нерселерди алыска кубалап салыңыз. Булар сиздин ден- соолугуңузга жана сулуулугуңузга терс таасирин тийгизет. Андан кийин күнүмдүк ичкен тамак- ашыңызды жөнгө салып, зыяндууларын чийип салыңыз. Убакытыңызга карап күн сайын, ар дайым спорттун кайсы бир түрү менен машыгууну адатка айлантып алыңыз. Үй шартында деле музыка коюп алып бир азга бийлесеңиз ашыкча калориядан арылып, булчуңдар чыңалып, өзүңүздү сергек алып жүрөсүз.

-Кийим кечени сымбатыңызга карап жарашыктуусун алыңыз.

6. Жүрөктүн каалоосун акыл менен башкара билүү

Албетте, мырзалар үйлөнгөндөн кийин көптөгөн нерселерге жоопкерчиликтүү жана сиздин бардык муктаждыктарыңызды аткаруу керек. Жүрөк көп нерсени каалайт. Маселен кымбат баалуу көйнөк, алтындан жасалган асем буюмдарды дагы башка ушул сыяктуу аялзатты азгырган көп нерселерди каалайт. Бирок, сиз жүрөктүн каалоосун акыл менен башкара билиңиз. Бактылуулук ошол кымбат кийим- кече, алтын буюмдарда эмес да туурабы... Андыктан мүмкүнчүлүгү туура келбеген жолдошуңузду убайга салбаңыз.

7. Бактылуулукту сезе билиңиз

Реалдуу жашоого үйрөнүңүз. Кол жеткис нерселерди кыялдануу менен кетирген убактыңызды аяңыз. Учурда бар нерсеге шүгүр кылып жашаңыз.



Ссылка: https://barometr.kg/ajymdar-tabyshmaktuu-zhana-zgch-boluuga-araket-zhasayz



Добавить комментарий