Кандай айымдар бутуна чынжырча тагынганды жактырышат?

5 декабря 2019 09:30 25820 Barometr
Поделиться в:
ok

Айымдар табиятынан табышмактуу келишет. Бирок кээ бир белгилер аркылуу айымдардын жашыруун сырларын аныктаса болот.

Чынжырча

Бутуна чынжырча тагынгандар – өзүнө ишенген, дене кумарын сүйгөн аялдар.

Белине чынжырча тагынгандар – түйшүктөргө көңүл бура бербеген, эркектерге ачык чакырык таштаган аялдар.

 Мойнуна чынжырчаларды кабаттап тагынуу ички дүйнөнүн чиеленишип калганынан кабарлайт. Мындай аялдар бир нече адам менен сүйүү байланышында болуп, бирок өзүнүн чыныгы мырзасын таппай келет.

Ал эми бир гана чынжырча тагынса, ал анын туруктуу экенин көрсөтүп турат.

Билерик

Билериктер бирөөгө чын дилден баш ийүүнүн символу болуп эсептелинет. Билерик тагынганды жактырган аялдар кыялкеч, таанышууларга, сезимдерге даяр келишет. 

Турмуш курганда өзүнүн өмүрлүк жарына өтө берилип, баш ийген аялдар болушат. Эркектер көбүнчө ушул мүнөзгө ээ аялдарды каалашат.

Ссылка: https://barometr.kg/ajymdar-chynzhyrchany-mchsn-bir-blgn-taksa-dene-kumaryn-sjgndr



Добавить комментарий