Талас облусун таза суу менен камсыз кылууга $30 млн бөлүнөт
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия фондунун ортосундагы «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу» долбоору боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар көлөмүндө каражат берилмекчи.
Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен Баткен жана Талас обулусундагы 146 миң адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу турмагынын өнүгүүсүнө багытталат.
Ссылка: https://barometr.kg/ajyl-zherlerin-suu-menen-kamsyz-kyluu-dolbooru-boyuncha
Добавить комментарий ×