Кыргызстан Өзбекстанга багбанчылык боюнча 9 долбоор сунуштады

19 марта 2021 17:12 621 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан өзбек тарапка тогуз инвестициялык долбоорлор концепциясы сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосундагы өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык чаралардын («Жол картасы») алкагында КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан өзбек тарапка тогуз инвестициялык долбоорлор концепциясы сунушталды. 

Тизмеге багбанчылык, балык чарбасы, өндүрүш жана этти жана жүгөрүнү кайра иштетүү, соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорлор киргизилген. 

Ошондой эле «Жол картасы» алкагында эки өлкөнүн тармактык министрликтери тарабынан тамеки, мөмө-жемиш өндүрүшү, мал чарбачылыгы, багбанчылык, бал аарычылык тармагындагы кластердик мамиле боюнча беш долбоордук концепция кароого киргизилген.

 Аталган долбоорлордун концепциясы айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспортту камтыйт. Бардык долбоорлор колдогу мамлекеттик жана жеке капиталдын базасында түзүлгөн.

Белгилей кетсек, өзбек тарапка сунушталган аталган долбоорлор экономикалык максатка ылайыктуулугу боюнча тараптардын макулдашуусунан соң, кыргыз-өзбек инвестициялык фондунун талаптарына жараша кайрадан таризделет. Учурда аталган фонд тараптан каржылоо механизмдери жана шарттары тараптар аркылуу макулдашылууда.

Эскертсек, КРын президентинин 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстанга иш сапарынын алкагында КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги айыл-чарба жана азык-түлүк камсыздоо жаатындагы кызматташтык боюнча практикалык чаралардын планына («Жол картасы») кол койгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/ajyl-suu-charba-zhana-ajmaktardy-nktr-ministrligi-zbek-tarapka-bir-katar-dolboorlordu-sunushtady



Добавить комментарий