Айсулуу Тыныбекованын атаандашынын далысынан сылап жубатканы "Жылдын мыкты учуру" деп табылды

30 декабря 2020 16:56 4938 Barometr
Поделиться в:
ok

Эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованын Дүйнө Кубогу мелдешинин финалынан кийин атаандашынын көңүлүн жубаткан аракетин 2020-жылдагы эң жагымдуу учур деп табылды.  Бул тууралуу Бириккен Дүйнөлүк Күрөш уюмунун расмий баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Айсулуу Тыныбекованын атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасы Бириккен Дүйнөлүк Күрөштүн версиясы боюнча жылдын мыкты 3 көз ирмемине кирди.

"Сербияда өткөн Дүйнөлүк Кубоктун финалында кыргызстандык балбан кыз латвиялык Анастасия Григорьеваны жеңип алган, бирок, жеңишке жеткенине төш кагып кубанбастан каршылашынын ден соолугунан кабар алып, далысынан сылап жубаткан. Бул анын чемпион катары гана эмес, адам катары дагы мыктылыгын белгиси", - деп белгилейт UWW.

Эскерте кетсек, эркин күрөш боюнча Сербияда өткөн Дүйнө Кубогу мелдешинде 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова чемпион болуп, алтын медаль тагынган. Финалда кыргызстандык балбан кыз Европанын эки жолку чемпиону, латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утуп, жеңишке жеткен. 

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-zhyldyn-adamy-naamyna-tatydy



Добавить комментарий