Америкалыктар Айсулуу Тыныбекова тууралуу кино тартууда. Видео
Америкалык Рейчел Сайн Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова тууралуу документалдык тасма тартууда.
Анын тизери YouTube каналына "Aisuluu: Against the Wind" (Айсулуу: шамалга каршы) деген ат менен жарыяланды.
Видеодо Айсулуу Тыныбекова алгач машыгып жүргөндө аны мектепте жалгыз жүрөт дегендер болгонун айтып берген.
Эң биринчи кыйынчылыктар анын жалгыз машыккан учуру экенин билдирген. Андан сырткары чет жакка мелдештерге барып, жеңишке жеткенде башкаларга Кыргызстанды картадан көрсөтүп берген учурлары болгонун айтат.
Учурда Айсулуунун башкы максаты Токиодо боло турчу Олимпиада оюндарында алтын медаль алуу.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасында биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон спортчу. Ал буга чейин Азиянын 3 жолку чемипону (2016, 2017, 2019) болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-tuuraluu-kino-tartyluuda-video
Добавить комментарий ×