Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековду туулган күнү менен өзгөчө куттуктады

15 февраля 2021 13:24 13969 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тынбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнү менен өзгөчө куттуктады. Бул тууралуу Тыныбекованын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Нурбек агай, сиз мен үчүн спорт чөйрөсүндө ата болуп калдыңыз. Сиздин аркаңыздан мен бүгүн Айсулуу Тыныбекова болуп отурам. Сизди бүгүнкү өздүк майрамыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө чын ден-соолук каалайм. Биздин жетишкен ийгиликтерибиз менен кубанып жүрө бериңиз. Терең урматтоо менен сиздин кызыңыз Айсулуу”, - деп жазды балбан кыз.

Куттуктоодо, кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековду машыктырган тренери Жеңиш агай да ал тууралуу кеп салып берди.

“Нурбек мага жетинчи класстан баштап келди. Ошол күндөн тарта чоң спортко аралашып, эл аралык класстагы спорт чебери болду, Азиянын эки жолу күмүш медалын алды. Ушундай бийик деңгээлге жетти”, - деди Изабековдун машыктыруучусу.

Ал эми Тыныбекова машыктыруучусу менен кандайча таанышып, андан сабак ала баштаганы тууралуу кеп салды.

“Мени тренерим менен Сабыр деген бир байке тааныштырган. Агай биринчи мага такыр көңүл бурбай койгон. Ошентип, мени карап, мага да ыкмаларыңыздан үйрөтүңүзчү деп артынан бир айга жакын жүрдүм. Акыры өзү деле тажады көрүнөт, мени менен жакындан таанышып чогуу машыга баштадык”, - деди Тыныбекова.

Нурбек Изабековдун машыктыруучусу азыр да ал аны менен кеңешип турарын айтты.

 “Нурбек азыр да Айсулуу эл аралык деңгээлдеги мелдештерге чыгарда мени менен кеңешип турат”, - деп кошмчалады.

Маалым болгондой, Тыныбекованын тренери  келечекте машыктыруучулук кесипке дайындап жатат. 

“Агай мага ачык эле айтат. “Менин жумушумду келечекте сен аркалайсың” деп. Азыр мени ошол милдетке дайындап жатат. Машыктыруучумдун айтымында, Олимп оюндарынан медаль алмайынча бирге иштешебиз. Анан, ошол тилегибиз орундалса агайым эс алууга кетем деп жатат”, - деди Тыныбекова.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова сыяктуу дүйнө чемпиондорунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков бүгүн, 15-февралда 51 жашка толду. 

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-mashyktyruuchusu-nurbek-izabekovdun-tuulgan-knn-zgch-belek-tartuulady



Добавить комментарий