Айсулуу Тыныбекова: Келгиле достор кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү!

23 сентября 2021 15:41 1994 Barometr
Поделиться в:
ok

Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу спортчу өзүнүн социалдык баракчасына маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Урматтуу достор! Баарыңыздарды бүгүнкү мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! "Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" дегендей, кыргыз тилинин тарыхы - бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси, мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет! Андыктан келгиле достор кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү! Эне тилин билүү - улутуңа жана тегиңе болгон урмат-сыйдын белгиси”,-деп жазды спортчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-kelgile-dostor-kyrgyz-tilinde-sjlshp-ene-tildi-nktrl



Добавить комментарий