Айсулуу Тыныбекова кайтадан алтын тагынды. Финалдык кармаштын видеосу

17 января 2020 10:10 3027 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Римде өткөн Matteo Pellicone эл аралык мелдеште алтын тагынды.

Ага ылайык, Тыныбекова финалдык кармашта россиялык Любовь Овчарованы жеңип алды. Орус балбаны жаракат алгандыктан биринчи таймдан кийин оюнду уланткан эмес.

Тыныбекова жеңишинен кийин берген маегинде финалдык кармашка чыкпай эле коюу тууралуу ою болгонун айтып, бирок түштөн кийин ал өзүнө келип, күчүн жыйнап финалга чыгууну чечкен.

Беттеш учурунда ал көпкө чейин өзүнө келе албай, аягында чымырканып бардык күчүн топтогонун билдирди.

Эске салсак, Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.

Кыргызстандык балбан кыз ушуну менен беш күн ичинде экинчи алтын медалын тагынып отурат. Буга чейин ал Түркияда өткөн Yasar Dogu 2020 эл аралык турнирде дагы жеңишке жеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-kajtadan-altyn-tagyndy-finaldyk-karmashtyn-videosu



Добавить комментарий