Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк чемпионаттан кийин алгачкы сүйүнүчтүү кабары менен бөлүштү

19 октября 2022 23:56 2170 Barometr
Поделиться в:
ok

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынан кийин коомчулуктан жана соцтармактан оолак жүрүп, бүгүн, 19-октябрда билдирүү жасады. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Тыныбекова бүгүн, 19-октябрда кыз-келиндер үчүн ачылган машыгуу залынын ачылышына катышып, соцтармакка билдирүү калтырды.

“Салам достор.
Бүгүн жалпы кыргыз спорту үчүн  тарыхый окуя болуп кыз-келиндер күрөшү боюнча  улуттук курама команданын заманбап залы ачылды.

Бул спорттун түрү менен машыгып баштагандан бери өздүк залыбыз жок туруп ири мелдештерден ийгиликтерге жеткенибизге таң калгандар да болбой койгон жок.  

Токиодогу Олимпиада оюндарынан кийин өлкө жетекчилиги зал маселесин чечип берүүнү убада кылган эле. Эми ошол убада аткарылып, бизге тиешелүү спорт комплексти беш айдын ичинде куруп берди.

Мындан ары кыргыз спортчуларынын өзүнө болгон ишеними дагы артып, машыгуу процесстеринен эми бизди эч нерсе алагды кыла албайт десек болот.

Спортко көңүл буруп, спортчуларыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жаткан өлкө башчысына терең ыраазычылыгымды билдирем”, -деп жазды балбан кыз. 

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-djnlk-chempionattan-kijin-soctarmakka-algachky-sjncht-kabary-menen-blsht



Добавить комментарий