Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатына даярдыкты баштады
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Россияда окуу-машыгуу иштерин өткөрөт. КРнын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынын билдирди.
Аталган маалыматка караганда 6 спортчу кыз катышкан Кыргызстандын командасынын машыгуулары Москвада 10-июнда башталды.
«Айсулуу Тыныбекова жана Мадина Надирова дүйнө чемпионатына, калган кыздар юниорлор арасындагы Азия чемпионатына даярдык көрөт», - деп билдирди агенттиктин маалымат кызматы.
Чоңдор арасында дүйнөлүк чемпионат 14-22-сентябрда Казакстанда өтөт. Ал жакта Токиодогу Олимпиадалык оюндарга биринчи жолдомолор ойнотулат. Жаштар арасында Азия чемпионаты 9-14-июнда Таиландда өтөт.
Машыгуулар 22-июнда аяктайт.
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыздар командасынын курамы:
55 кг чейин — Мадина Надирова
62 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова
57 кг чейин — Нураида Анаркулова (юниор)
59 кг чейин — Назира Марсбек кызы (юниор)
68 кг чейин — Мээрим Жуманазарова (юниор)
76 кг чейин — Айпери Медет кызы (юниор).
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-djn-chempionatyna-dayardykty-bashtady
Добавить комментарий ×