Айсулуу Тыныбекова баштаган кыргызстандын балбан кыздары дүйнө чемпионатына аттанды

14 сентября 2019 18:48 3998 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Кыргызстандын кыздар күрөшү боюнча улуттук курамы дүйнө чемпионатына жөнөп кетишти. Аларды өлкөнүн кыз-келиндер күрөшү федерациясынын президенти Динара Исаева баш болгон жетекчилер узатышты.

Бул тууралуу аталган федерациянын вице-президенти Байгазы Кенжебаев “barometr.kg” сайтына билдирди.

Бул чемпионат 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадалык оюндарга лицензия ойнотулуучу мелдеш болгону менен маанилүү экенин федерация жетекчилери белгилешип, балбан кыздарыбызды бакубат күрөшүүгө шыктандырган каалоо-тилектерин айтышты.

Бүгүн Казакстандын баш калаасы Астана шаарында спорттук күрөш боюнча (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) дүйнө чемпионаты башталды. 2019-жылдагы балбандардын мыктыларын аныктоочу бул мелдеш 22-сентябрга чейин уланат.

Кыздар күрөшү 16-сентябрда башталат.

Бүгүн грек-рим күрөшүнөн 55 кг. 63 кг. 72 кг жана 82 кило салмактарда балбандардын килемге чыгышты.

Эске сала кетсек бул чемпионатта 1-орундан 5-орунга чейинки орунду камсыз кылган балбандарга Токио Олимпиадасына катышууга жолдомо берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-bashtagan-kyrgyzstandyn-balban-kyzdary-djn-chempionatyna-attandy



Добавить комментарий