Айсулуу Тыныбекова: Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!
Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова өзүн колдогон кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жарыялаганын “Барометр” маалымдайт.
“Кадырлуу кыргыз элим! Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам! Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат... Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз. Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм! Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга! Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!”,-деп жазды Тыныбекова.
Эскерте кетсек, Эл аралык грек-рим, эркин күрөш жана аялдар күрөшү боюнча федереция - Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) Айсулуу Тыныбекованы тарыхты жаратуучу деп атады. UWW спортчу кыз Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан алгачкы айым экенин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын гана ээси эмес, Азиянын төрт жолку чемпиону, Кыргызстандын жалгыз дүйнө чечпиону болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-baary-zhakshy-sizderdin-koldoouzdar-meni-dagy-da-chyjraltat
Добавить комментарий ×