Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын баштапкы этабында утулуп калды - видео

21 февраля 2020 14:28 1968 Barometr
Поделиться в:
ok

Айсулуу Тыныбекова Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын баштапкы беттешинде утулуп калды.

Ага ылайык, Тыныбекова чейрек финалда биринчи беттеште япониялык Юкако Каваи менен кез келген.

Биринчи таймда япон балбаны бир упай менен алдыга чыккан, бирок экинчи таймда Тыныбекова эсепти теңеген. Бирок тайм аяктап калган маалда япон балбаны 4 упай алып, 5:1 эсебинде алдыга чыккан.

Бирок Тыныбекованын машыктыруучу Нурбек Изабеков калыстардын чечимине каршылыгын билдирген, бирок анын өтүнүчү туура чыкпай япон балбанына дагы бир упай берилип мелдеш 6:1 болуп япониялык балбандын эсебине чечилген.

Кыргызстандык дагы бир балбан кыз Нураида Анаркулова алгачкы беттешин Индиядан келген спортчуга 1:11 эсебинде жеңилген

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-aziya-chempionatynyn-bashtapky-etabynda-utulup-kaldy



Добавить комментарий