Айсулуу Тыныбекова 2018-жылдагы Азия оюндарынын жеңүүчүсү деп табылды, бирок алтын медаль бериле элек

26 сентября 2019 18:31 1474 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын балбан кыз Айсулуу Тыныбековага 2018-жылдагы Азия оюндары мелдешинин жеңүүчүсү наамы берилди. Бул тууралуу маалыматты Бириккен күрөш дүйнөсү UWW (United World Wrestling) уюму тараткан расмий билдирүүдө айтылат.

Бул маалыматты спортчунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков да тастыктап, бирок алтын медаль азырынча бериле электигин айтты.

Машыктыруучу Айсулуу Орхонду 2018-жылга чейин эки ирет утканын, Азия оюндарынын финалында монгол кызы мурдагыдан бир топ шамдагай күрөш алып барганын “barometr.kg” сайтынын кабарчысына айтты.

2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова 62 кило салмакта монголиялык Орхон Пуревдорж менен финалга чыгып, упай айырмасында жеңилип калган.

Ушул жылдын 3-сентябрында Азиянын Олимпиадалык кеңеши монголдун балбан кызынын канынан кызытма (допинг) табылып, анын жеңишин жокко чыгарган.

 Расмий маалыматка ылайык, 2018-жылдагы Азия оюндарынын алтын медалы Айсулуу Тыныбековага өтөт. Орхон Пуревдорждон жарым финалда жеңилген япониялык Рисако Каваи’ге күмүш медаль берилет. Ал эми вьетнамдык Ти Нгуэн менен Түндүк Корейлик Йонг Сим Рим коло байгеге татыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-2018-zhyldagy-aziya-oyundarynyn-zhechs-dep-tabyldy-birok-altyn-medal-berile-elek



Добавить комментарий