Айсулуу Азиядагы эзелки атаандашы Сакши Малик менен күрөшүшү мүмкүн

23 мая 2019 15:43 3999 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы Memorial Matteo Pellicone эл аралык мелдешинде күч сынашат.

Бул тууралуу өлкөнүн спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев barometr.kg сайтына билдирди.

Рейтингдик мелдеш бүгүн, 23-майда Италиянын Сассари шаарында старт алат.

Кыргызстан курамасында Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова баш болгон Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова балбан кыздарыбыз бар. Алар эртең килем үстүнө чыгышат.

62 кило салмакта күч сынашкан Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованын атаандаштарынын катарында эзелки атаандашы Индиялык Малик Сакши да бар.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-aziyadagy-ezelki-ataandashy-sakshi-malik-menen-krshsh-mmkn



Добавить комментарий