Айпери Медет кызы U23 дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты
Бөлүшүү:
Балбан кыз Айпери Медет кызы U23 Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Алгачкы беттешинде ал италиялык Энрика Ринальди менен кармашып, 2 мүнөттүн ичинде 10:0 эсеби менен таза техникалык жеңишти камсыздады.
76 кило салмакта күрөшүп жаткан Айпери эми чейрек финалда Gracelynn Doogan менен кез келет.
Эске сала кетсек, спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарында өтүп жатат. Мелдештин кыздар күрөшү бүгүн, 30-октябрда башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-medet-kyzy-u23-djn-chempionatynyn-chejrek-finalyna-chykty
Добавить комментарий ×