Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш байге алды – видео
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байгеге татыды.
Маалыматка ылайык, ал финалдык кармашта 76 килограммга чейинки салмак категориясында япониялык Хирое Мианава менен чыгып, 1:4 эсебинде утулуп калды.
Белгилей кетсек, 76 килограмм салмак категориясындагы балбан кыздар аз болгондуктан алар айлампа системасы менен күч сынашты. Баштапкы кармашта Мухлиса Нормуминованы 11:0 эсебинде уткан. Үчүнчү айлампада япониялык Хирое Минагаваны 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн казакстандык Ельмира Сыздыкаваны 4:1 эсебинде жеңген.
21-февралда Айсулуу Тыныбекова менен Нураида Анаркулова беттешке чыгат.
Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-medet-kyzy-aziya-chempionatynda-kmsh-bajge-aldy-video
Добавить комментарий ×