Айпери Кубик кызы: "Жоолукту хайп үчүн салынган жокмун" (Сүрөт, видео)
Ырчы Айпери Кубик кызы дин жолуна түшүп жоолук салынды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып "Барометр" билдирет.
“Аллах ыраазы болсун, кабыл кылсын. "Кирпик болбойт, боёнсо болбойт, даарат өтпөйт”, - деген сөздөргө жообум, рахмат кабарым бар. “Хайп, реклама үчүн”, -дегендерге кечиресиздер, туура эмес жазып алдыңыздар. Аллах ыраазычылыгы үчүн ооба жоолук салындым, шугур. ”Жөн эле мода үчүн”, - дегендер жоолук, намаз мода болсо, анда түбөлүккө (Аллах ыраазычылыгы үчүн) модный болуп кетсек баарыбыз. Бардык катталуучуларымды бир туугандарым деп жакшы көрөм”, - деп билдирди ырчы айым.
Белгилей кетсек, Айпери, белгилүу ырчы, куудул Кубик Калыковдун кызы.
Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-kubik-kyzy-zhooluktu-hajp-chn-salyngan-zhokmun-srt
Добавить комментарий ×