Айпери Кубик кызы: "Стилин таба албай жатат дебегиле, ар кандай болуп өзгөргөндү жакшы көрөм"
Ырчы Айпери Кубик кызы имиджин өзгөрттү. Бул тууралуу ал жеке баракчасына жазды. "Имиджимди өзгөртсөм эле, өз стилин таба албай жүрөт дебегиле, мен дайыма өзгөрүп турганды жакшы көрөм"- деп хейтерлерине тийишип өттү.
Толук билдирүү мындай деп жазылган:
"Кийинки күндөрү көп тан калчу болдум...Адамдар ушунчалык агрессивдүү болуп баратат...Баары эмес албетте,бирок көбүнчөсү!!!Адам деген бирдей болуп жүрө бербей,өзгөрүү керек!!!Кызыгып,жаны нерсени да жасап көрүү керек!!!Мен келбетимди көп өзгөртөм...Көбү ойлойт экен,бул стилин таппайтат ж.б.у.с пикирлерин айтып!Жок,хэйтерлер мен ар кандай болгонду тандайм!Эмне жакса,кандай болгум келсе ошондой болом!!!Стильди уйрөткөн кыздар жана мырзалардын өзүлөрүнүн баракчасына кирсең кечирип эле кой да(сүрөтү жок, же Аллахтын жазуусунун сүрөтүн коюп алып,жаман сөздөрдү жазышат).Келгиле,кичине пейилди кенен кылып,жан дуйнөбүздү тазалап,ниетибизди түздөп жашайлы!!!Ар ким өзү каалагандай жашоого акысы бар!Жүрөгүбүз ыйманга толсун!!!Эки дүйнө бактылуулугун каалайм!!!"
Добавить комментарий ×