Айпери Кубик кызы: "Аэропорттун кызматкерлери жоопко тартылсын!"

23 октября 2018 16:30 7085 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ырчы Айпери Кубик кызы Оштогу аэрпорттто иштеген айрым кызматкерлерге нааразы экендигин айтты. Ырчынын чырылдап калганына караганда уяттуу тойго бармак окшойт. Болгон жинин интернет баракчага чыгарып "Аэропорттун кызматкерлери жоопко тартылсын!"-деди. 

"Нааразымын! Ош аэропортунун кээ бир кызматкерлери жоопко тартылсын! Менин 21-октябрда Саратов шаарында өтүүчү мааракемди "срыв" кылышты! Той ээлеринин астында уят болуп, сөзгө калдым! Алар атайын чыгым кылып мени чакырышса, Ош аэропортунун кээ бир кызматкерлеринин шалаакылыгынын айынан бүт жумушум артка кетти! Мен Москва шаары аркылуу учкандыктан, Москва менен Саратовдун аэропортторуна арыз менен кайрылсам, кечирим сурап, бизден кетсе бүт акчанарды төлөп бермекпиз, бирок чемодан келген жок дешти. Өзүбүздүкүлөр ушундай кылганы жанымды кейитти!!! Угушумча, Оштон буга чейин да мындай болгон экен. Менин жазганымдын себеби, эл силерге ишенгенден кийин милдетти так,жоопкерчилик менен аткарыш керек. Кызматкерлерди туура иштетиш керек! Чалып сурасам, биздикилер бири бирине тонкоп,  кечирим суроонун ордуна, штраф төлөөнүн ордуна мойнуна албай жатышат. Ушу кантип болсун?Менин Саратовдогу уят болгонум, чыгымдарымды бүт кайтарып беруусун суранам! Мындан ары мындай болбош керек!", - деген талап койду ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-kubik-kyzy-aeroporttun-kyzmatkerleri-zhoopko-tartylsyn



Добавить комментарий