Урмат Барыктбасов президентке: "Айкөлдүгүңүзгө салып, Садыр Жапаровду абактан бошотуп берүүңүздү суранат элем"

27 августа 2019 13:39 6925 6 Barometr
Поделиться в:
ok

Ишкер Урмат Барыктабасов президент Сооронбай Жээнбековго Садыр Жапаров тууралуу кайрылды.

"Урматтуу Сооронбай Шарипович!Урматтуу Президент! Кыргыз эли көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүптүру Кыргыздын бычакка саптуу бир уулу, бүгүнкү күндө абакта жатат. Күнөөсү барбы жокбу мен так билбейм, калп айта албайм. Бирок элге жагымдуу  уулунун бири, элге кереги тийчү балдардын бири деп ойлойм.

Мен саясаттан баш тартып, Элиме жаратман иш менен, жардам берейин деп чуркап жүрөм.Элдин арасында жүрөм. Ушул көпчүлүк элдин ойуна, мен да кошулат элем.

Айкөлдгүңүзгө салып, Садыр Жапаровду абактан бошотуп берүүңүздү суранат элем. Садыр коп нерсеге ойлонуп, түшүнсо керек. Жашоодо ар кандай сыноолор, адашуулар болот экен. Бул балага сыноолор өтө көп болуп кетти окшойт.Атасы баласын жоготуу, бул  чон кайгы. Бир кыргыздын  уулу каза болду деп,мен да кайгыга батып отурам...

Гүлү ачыла элек бала, өмүрүнөн ажырады деп ызаа болуп отурам..Сиздин боорукерлигиңизге, айкөлдүгүңүзгө ишенип, кайрылып жатам.

Садыр Жапаровду абактан бошотуп бериңизди суранат элем. Абакта бир кыргыз жатпаса экен, деген тилегим бар. Биздин президентибиз деп кайрылдым, кыргыз элинин жараны катары.

...Ден соолугунуз чың болсун.

Сапарыныз байсалдуу болсун.Чечимиңзге калың эл сүйүнсүн.

Айкөлдүңүзго ишенип, урматым менен Урмат Барыктабасов", - деп жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/ajkldgzg-salypsadyr-zhaparovdu-abaktan-boshotup-berzd-suranat-elem



Добавить комментарий

  • Болотова 5 лет назад
    Ооба кыргыз эли коптон куткону тилеги Жапаровдун боштондугу,кайгысы унутулгус калын тоодой болду,биздин президентибиз мурунку президенттердей таш боор болбостур умутубузду узбойлу
  • Кежегуль 5 лет назад
    Суранам сиздерден мен эне катары жазып жатам бошоткула уйблосу менен жашасын бугун бар,эртее жок дегендей ,жашоого бир келебуз адам зат!!!! Мен жонокой адамын беш баланын энесимн ,баласын жоготуп кан жутуп отурат тушунгуло!!!!
  • Садыр Жапаров жон жерден эле жатат,алтынды изилдеп канчалаган акчалар чыгып жатканын айтып,эртенки келечекке карап карыз жашабайлы деп жатат,ушунуздан жазбаныз тарыхта атыныз чон тамга менен калат ишенем.
  • Ооба чын мен дагы бошотулушун суранам.
  • Ашырбек 5 лет назад
    Садырдай элин жерин ойлогон Жигиттер коп болсун бул чындык боштондук берегите Урматтуу.Элим
  • Эн Туура соз бошотуш керек эн жакын адамдарынан айрылды мындай сыноону эчкимдин башына салбасын