Айгерим Расул кызы Хюрремдин образында кийинүү үчүн 15 көйнөкө буйрутма берди. Эми тойлордо "Жар жарды" Хюррем айтып калабы?
Поделиться в:
Ырчы Айгерим Расул кызы эми мени кино сериал жылдызы Хюрремдин образында көрө аласыздар деп сүйүнчүлөдү. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Ырчы таажы кийген сүрөтүн жүктөп баяндамасына:
“Хюррем, Хюррем эле дейсиңер. Мына. Образ “Айгерим Султан” коллекциясынан. Хюррем султандын стилиндей атайын бир коллекция (15 көйнөк) буйрутма кылдым. Эми “Даңазалуу доор” сериалындагы Ханышалардын образдарына күбө болосуздар”, -деп баяндама жазып койду.
Айгерим Расул кызы өзүнүн өзгөчө образдары менен элди таң калтырып келегени маалым.
Ырчынын сүрөтүнө пикир калтырган күйөрмандарынын жана катталуучуларынын дээрлик бардыгы жакшы-каалоо тилектерин айтышып, чыгармачылык ийгилик каалашты.
Добавить комментарий ×